Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Кыргызстанда автомагистралдар ачык


Бишкек-Ош жолу. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Ош жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Талас жана башка багыттагы эл аралык, шаар аралык жолдордун баары ачык, кадимкидей тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу республикалык Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов «Азаттыкка» билдирди:

«Өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген жок. Ошондуктан жол кыймылына да чектөө жок. Учурда бардык жолдордо кыймыл кадимкидей иштеп жатат жана иштей берет».

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан үч адам катталганы тууралуу маалыматтан соң соцтармактарда «ири магистралдар жабылат экен» деген каңшаар тараган.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Коронавирустун алдын алуу штабы жалпы республика боюнча «өзгөчө кырдаал киргизүүгө олуттуу негиз жок» деп билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG