18-марттан тартып Өзбекстандагы мектеп мугалимдеринин баары акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгат. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Шерзод Шерматов билдирди. Анын айтымында, мектеп директорлору, алардын орун басарлары, чарба башчылары, психологдор жана кароолчулар ишин улантат.
Министр келаткан аптадан тартып окуучуларга сабактарды үч телеканал аркылуу көрүүгө шарт түзүлөрүн билдирди. Мындан тышкары алар окуу программмасына кошумча Kitob.uz сайтынан аудиокитептерди жүктөп алып укса болот.
«Ташкенттеги мектеп окуучулары бааларды электрондук күндөлүктөр аркылуу ала алышат. Акырындык менен бул система бардык өлкө аймагына жайылтылат», - деди ал.
Министр ошондой эле «окуучулардын каникулунун узактыгы абалга жараша болорун» кошумчалады.
Өзбекстанда коронавирус жуккан адамдардын саны 15 кишиге жетти.