Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Мурдагы орус генералы пара алганы үчүн соттолду


Александр Дрыманов.
Александр Дрыманов.

Тергөө комитетинин Москвадагы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Александр Дрыманов 12 жылга катаал режимдеги түрмөгө кесилди. Москва шаардык соту мурдагы генералды «мыйзамдагы ууру» Захарий Калашовдон миллион доллар пара алган деп тапты.

51 жаштагы Дрыманов генерал чининен жана экинчи даражадагы «Мекен алдындагы эмгеги үчүн» орденинен ажыратылды.

Тергөөнүн версиясы боюнча Дрыманов жана анын кесиптештери акчаны Калашовдун жардамчысы Андрей Кочуйковду камактан бошотуш үчүн алышканы жазылган. Кочуйков 2015-жылдын декабрында Москвадагы атышуудан кийин кармалган эле.

Шакро Молодой каймана аттуу орусиялык криминалдык лидер Захарий Калашов 2018-жылдын мартында 9 жыл 10 айга соттолгон.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG