Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Коронавирус: Косовонун ички иштер министри кызматынан алынды


Агим Велиу жана Иса Мустафа.
Агим Велиу жана Иса Мустафа.

Косовонун премьер-министри Альбин Курти коронавируска байланыштуу дүрбөлөңгө себепчи болду деген жүйө менен ички иштер министри Агим Велиуну кызматтан алды. Андан бир нече саат мурда Велиу пандемияга байланыштуу президенттин сунушун колдоп чыккан.

Президент Хашим Тачи 17-марттын кечинде өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялаган жарлыкка кол койгон. Аны Косово парламенти 48 саат ичинде кабыл алат же жокко чыгарышы керек. Бирок Курти эл арасында дүрбөлөңгө негиз болот деп өзгөчө кырдаал жарыялоого каршы.

Бийликтеги бул жагдай бир ай мурда түзүлгөн башкаруучу коалициянын ыдырашына да алып келиши ыктымал. Велиу - коалициядагы Косово демократиялык лигасынын мүчөсү. Лиганын лидери Иса Мустафа Велиуну кызматтан алган чечимди жума аягына чейин жокко чыгарууну премьерден талап кылды.

XS
SM
MD
LG