Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Италия вирустан өлгөндөрдүн саны жагынан Кытайга жакындады


Колизей, Рим.
Колизей, Рим.

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустан 475 адамдын өмүрү кыйылганын шаршембиде өлкөнүн расмий адамдары билдиришти. Бул бир сутка ичиндеги рекорддук көрсөткүч.

Жарандык коргоо агенттиги коронавирус жукканы аныкталгандар Италияда бир күндө 4 миңден ашып, жалпы саны 36 миңге жакындаганын билдирди. Алардын 2978и COVID-19 дартынын кесепетинен көз жумду.

Бир күндө миңден ашуун киши айыгып чыгып, алардын жалпы саны 4025ке жетти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар программасынын аткаруучу директору Майк Райан Италияда өлгөн адамдар арбып баратканы ооруканалардагы бейтаптардын болуп көрбөгөндөй санынан жана өлкөдө улгайган адамдардын салыштырмалуу көптүгүнөн болушу мүмкүн деп болжолдойт.

Коронавирустун жаңы түрү COVID-19 алгач Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытайда бул илдетке чалдыккандар 81 миңди чамалап, алардын ичинен 3237 адамдын өмүрү кыйылган. 70 миңге жакыны айыгып чыкты. Кытайда эки жумадан бери вируска чалдыкканы аныкталгандар аз катталууда. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы акыркы суткада 13 жаңы учур аныкталганын билдирди.

XS
SM
MD
LG