Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Акматова: Карантинде жана обсервацияда шарттар талаптагыдай


«Манас» аэропортунун жанында ачылган обсервация жайы.
«Манас» аэропортунун жанында ачылган обсервация жайы.

Кыргызстанда карантинде жана обсервацияда жаткандар андагы шартка нааразы болушууда. 18-мартта социалдык тармактарга Ош шаарында карантинде кармалып тургандар андагы шарттарды видеого тартып, чыгарышкан. Алар карантин уюштурулуган мекемеде санитардык абал, түзүлгөн шарттар талаптарга жооп бербейт деген ойлорун айтып, айрымдары үйгө чыгарууну талап кылышкан. Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова «Азаттыкка» түшүндүрмө берди:

«Ошол эле соцтармактарга обсервацияда, карантинде жаткан жарандарыбыз ыраазычылык билдирип жазып жатышат. Ошондуктан бул ар бир адамдын деңгээлине жараша да болот. Изоляция аймагындагылар үчүн биз колдон келишинче шарт түзүп бердик. Өзүнчө койкалар бөлүнгөн, жууна турган жай бар. Үч маал тамак берилет. Айрымдары «мөмө-жемиш жейбиз» деп, аларга мөмө-жемиш жеткирип бердик, «кола ичебиз» дешти, анысын алып барып берген учурлар болду».

Акматованын сөзүнө караганда, обсервацияда жаткандардын беткаптары күнүнө төрт жолу алмаштырылат. Антисептик каражаттар берилет. Дарыгерлер дайыма көзөмөлдөп турушат.

Кыргызстанда коронавирус коркунучунан улам обсервация үчүн жалпысынан 1600 орун даярдалган. Алар АКШнын мурдагы авиабазасында, Бишкектеги мейманканада жана Оштогу 7-поликлиникада уюштурулган. Ош мэриясы обсервациялык зона которулганын маалымдаган. Ушул тапта 321 киши обсервацияда.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан үч киши аныкталган. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан келгендер болуп чыккан. 12-мартта Шаржадан учуп келген. Алар менен чогуу бир учакта учуп келген 135 адам жана башка байланышта болгон адамдардын баары аныкталып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Ысык-Көлдө умрага барып келген үч киши карантинге жаткырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG