Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 04:43

Коронавирустан акыркы суткада 882 адам көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.

Анын ичинен 475 адам Италияда каза тапкан. Гонконгдогу «South China Morning Post» басылмасынын санагы боюнча, 19-мартта дүйнө жүзүндө вирус жаңыдан жуккан 18 миң 500 киши катталып, бардыгы болуп 206 226 адам ооруга чалдыкты. Дүйнөдө вирустан өлгөндөрдүн саны 8700 кишиге жетти. Оорудан 82 миңден ашуун адам айыгып чыкты.

Иранда вирустан өлгөндөрдүн саны 1135 адамга жетти, 17 631 киши илдетке кабылды. Испанияда 13 716 адам оору жуктуруп, 558 адам андан көз жумду. АКШда 118 адам коронавирустан набыт болду.

Кытайда акыркы суткада сегиз адам вирустан көз жумган, 34 адам ооруга кабылган. 819 киши айыгып чыккан.

Коронавирустун жаңы - COVID-19 деген түрү алгач Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытайда бул илдетке чалдыккандар 81 миңди чамалап, алардын ичинен 3237 адамдын өмүрү кыйылган. 70 миңге жакыны айыгып чыкты. Кытайда эки аптадан бери вируска чалдыкканы аныкталгандар аз катталууда.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG