Шайлоого катыша турган партияларга БШК атайын сунуш жибермек болду. Бул чечимдер Боршайкомдун 18-марттагы отурумунда кабыл алынды. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, отурумда комиссиянын айрым мүчөлөрү өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн жылдыруу сунушу өткөн жок.
«Биз айттык, «өлкөдө кырдаал мындай болуп турса, балким Жогорку Кеңешке жана президентке кайрылып, шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу жагын кароосун өтүнөлү» деп. Анткени өзгөч кырдаал болбосо, шайлоо күнү жылдырылбайт. Бирок башка кызматташтар бизди колдошкон жок. Анын ордуна «Саясий партияларга, талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүүдө массалык иш-чараларды өткөрбөгүлө» деген сунуштун долбоору колдоо тапты», - деди ал.
БШК 18-марттагы чечими менен жергиликтүү кеңштерге ат салышып жаткан саясий партияларга, талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүүдө массалык иш-чараларды өткөрбөөнү сунуш кылган.
18-мартта Каракол шаар кеңешине ат салышып жаткан 14 саясий партия өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу шайлоо өнөктүгүн жылдыруу жөнүндө сунуш менен аймактык шайлоо комиссиясына кайрылган. Алар ушул эле сунушун парламентке жана президентке жиберүүгө укуктуу.
Ушул тапта Кыргызстанда беш шаарда жана бир нече айылдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык өнөктүгү жүрүп жатат.
Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Шайлоо боюнча үгүт иштери 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот. (ZKo)