Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 20:19

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 19-мартта журналисттерге билдирди:

«Такталган маалыматтарга ылайык, Шаржадан келген учакта 144 адам болгон. Алардын баары текшерилди. 18-мартта аныкталган үч кишиден башкасынан оору аныкталган жок. Умрадан кайтып келген 144 адамдын баары аныкталды. Алардын ичинен экөө Өзбекстанга чыгып кеткен. Алар тууралуу Тышкы иштер министрлиги аркылуу маалымат берилди. Алардын баары жер-жерлерде обсервацияга жаткырылды. Дарыгерлердин толук көзөмөлүндө».

Министр ооруну аныктоочу реагенттер жетиштүү экенин, аймактардын баары мобилдүү лабораториялар менен жабдыларын кошумчалады.

Ооруга чалдыккан үч киши жашаган Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Алар менен байланышкан бардык адамдар да дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. (ZKo/BkA)

Пикирлерди көрүңүз (2)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG