Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Кыргызстанда 624 жасалма дем алдыруу аппараты бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска байланыштуу өткөргөн өкмөттүн басма сөз жыйынында сүйлөп жатып, 624 аппараттын ичинен 100ү атайын даярдалып турганын маалымдады. Чолпонбаевдин айтымында, илдетке чалдыккан бейтаптардын 5% гана жасалма дем алдыруучу аппаратка муктаж болот.

«Кытайдын тажрыйбасы боюнча ооруган адамдардын 5% гана жасалма дем алдыруучу аппаратка муктаж болот. Сактанганды кудай сактайт демекчи, мындай аппараттарды алуу боюнча ишкерлерге да кайрылдык», - деди ал.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, коронавируска чалдыккан бейтаптарда оор дем алуу жана кургак жөтөл байкалат. Учурда коронавирус аныкталган үч жарандын ден соолугу канааттандырарлык экени кабарланды. (TSh)

XS
SM
MD
LG