Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

УКМК: террористтик уюмдун мүчөлөрү жихаддык идеологиядан баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) терроризмге байланыштуу соттолгон беш жаран өз идеологиясынан баш тартканын жарыялады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, мурдагы мүдөөсүнөн өз ыктыяры менен баш тарткан жарандар бул аракеттери жаңылыштык жана пайдасыз экенин билдирип, коомчулукту диний-экстремисттик уюмдун идеологиясына азгырылбоого чакырды.

Жихаддык идеологиядан баш тарткандар 2011-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган 45 жаштагы, 25 жылга эркинен ажыратылган 32 жаштагы, 2014-жылы 11 жылга эркиндигинен ажыратылган 32 жаштагы, беш жылга эркинен ажыратылган 24 жаштагы, 2017-жылы алты жылга эркинен ажыратылган 24 жаштагы жарандар болгон.

Атайын кызмат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы менен биргеликте түрмөдө отурган террористтик уюмдарынын мүчөлөрүн экстремисттик идеологиядан арылтуу иштерин жүргүзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG