Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Өкмөт: Азык-түлүк жок болбойт, баасында маселе болушу мүмкүн


Оштогу «Тулпар» ун чыгаруучу ишканасына кезек. 18-март, 2020-жыл.
Оштогу «Тулпар» ун чыгаруучу ишканасына кезек. 18-март, 2020-жыл.

Кыргызстанда азык-түлүк жок болбойт, бирок баасына байланыштуу маселе чыгышы ыктымал. Бул тууралуу парламентте маалымат берип жатып өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, дан азыктарынын көпчүлүгү Казакстандан, дагы бир бөлүгү Орусиядан келет. Бул эки өлкөнүн премьер-министрлери менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, «бизнеске тоскоолдук кылбоо, шарт түзүү» макулдашылды.

«Нанга байланыштуу проблема жок. Мамлекеттин да өз запастары бар. Проблема азыр жок, «азык-түлүк кымбаттайт, жок болуп калат» деген. Баасы боюнча маселе болушу мүмкүн. Ал боюнча катуу иштер жүрүп жатат. Бирок эч качан «жок болуп калат, келбейт» деген түшүнүк жок. Азыркы ачык экономикада андай ойдон алыс болуш керек. Өкмөт жана бизнес чогуу чара көрүп жатат».

Коронавирус коркунучуна жана доллардын кымбатташына байланыштуу Кыргызстанда соңку күндөрү базарда ун, май, шекер жана башка азыктарга суроо-талап күчөп, баасы жогорулаганы байкалууда.

18-мартта Ош шаарындагы «Тулпар» ун чыгаруучу ишканасында ун сатып алууну каалоочулардын узун кезеги пайда болгон.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылды. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. 19-мартка карата, Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG