Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

ЖАМК: абактагылар менен жолугушуу убактылуу токтотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) соттолгондорго жана тергөө абагында отургандар менен жолугушууга, тез бузула турган тамак-ашты киргизүүгө тыюу салынганын маалымдады. Мындай чечим абак жайларына жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынды.

ЖАМКта короновирустун жабык жайларга киришинин алдын алуу жана эскертүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Инфекция аныкталган адамдарды жаткырыш үчүн атайын бөлмөлөр даярдалган.

Кызматкерлер дезинфекциялоочу каражаттар жана медициналык беткаптар менен камсыздандырылды. Учурда атайын курамдын ичинде короновирусту жугузуп албаш үчүн маалыматтык түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Республикалык штаб ЖАМКтын борбордук аппаратына жана жабык жайларга профилактика жана дезинфекция иштерин жүргүзүш үчүн материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуу жөнөттү.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин ыкчам штаб тарабынан жаза аткаруу системасында маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө, кызматкерлердин командировкага чыгышына убактылуу чектөө киргизилди. Учурда ЖАМК мекемелеринде тамак-аш жетиштүү. (TSh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG