Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Насыя төлөө мөөнөтүн кеминде үч айга узартуу сунушу берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктардан жана башка каржы-насыя уюмдарынан насыя алган ишкерлерди колдоо тууралуу токтом чыгарды.

Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 19-мартта парламентте сүйлөп жатып насыя келишиминин шарттары кайра каралып чыга турган болсо кошумча төлөмдөрдү алууга, насыясын убагында төлөй албай калгандарды айыппул төлөтүүгө убактылуу тыюу салынганын билдирди.

Ошондой эле насыяны төлөө мөөнөтүн кеминде үч айга узарта туруу жөнүндө сунуш киргизилгени айтылды.

«Мындан тышкары, бүгүндөн тартып коммерциялык банктарда инспекциялык текшерүүлөрдүн баары коронавируска байланыштуу абал турукташканча токтотулду», - деп билдирди Абдыгулов.

Кыргызстанда 23 коммерциялык банк бар. Улуттук банк алардын ишин жөнгө салат.

18-мартта Сузак районунда үч жергиликтүү тургун коронавирус илдетине чалдыкканы белгилүү болду. Райондо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жалпы Кыргызстанда мектеп жана жогорку окуу жайлар үч жумага жабылды. Өкмөт адамдар көп чогулуучу ишмердүүлүккө тыюу салды. (RK)

XS
SM
MD
LG