Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Ош шаарында ун сатуучу кошумча жайлар ачылды


Ун сатуучу жай.
Ун сатуучу жай.

Ош шаарына кире беришиндеги Фуркат айылында, Кулатов кичирайонунда жана муниципалдык борбордук базарда ун сатуучу жайлар ачылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, биринчи сорттогу бир кап ундун баасы 1350 сомдон туруктуу баада сатылууда. 18-мартта шаардагы «Тулпар» ун комбинатына 150 тонна ун жана 350 тонна буудай келип түшкөн. Жакынкы күндөрү 650 тонна буудай жана 150 тонна ундун келиши күтүлүп жатат.

Коопсуздук жана башаламандыктын алдын алуу максатында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери түшүндүрүү ишин жүргүзүүдө.

Ош шаарында 18-мартта унга муктаждык күчөп, «Тулпар» ун чыгаруучу ишканасында ун сатып алууну каалоочулардын узун кезеги пайда болгон.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталып, буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Саламаттык сактоо министрлиги 19-мартта Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталбаганын билдирди. (MdN)

XS
SM
MD
LG