Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Ташиев карантиндеги айылдарга азык-түлүк жана беткап таратты


Камчыбек Ташиев Сузактагы карантинге алынган аймакта. 19-март, 2020-жыл.
Камчыбек Ташиев Сузактагы карантинге алынган аймакта. 19-март, 2020-жыл.

Сузак районунда карантинге алынган айылдарга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана саясатчы Камчыбек Ташиев нан азыктарын, азык-түлүк жана беткап таратты. Блок-пост коюлган Благовещенка айылынын борборуна ал өзү барып, райондук штабга жардамын өткөзүп берди.

«Жалал-Абаддагы чукул кырдаалды жана беткап тартыштыгын эске алып жардам берүүнү чечтим. Ар бир адамдын ден соолугу биз үчүн кымбат. Мындан кийин да жагдайга жараша аракеттер болот», - деди Ташиев.

Бишкек шаарынан жеткирилген 20 миң даана беткап Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында да көчөдөгү тургундарга таратылды.

Сузак районунун акими Эрмек Омошев аймакта учурда азык-түлүк тартыш эмес экенин, зарыл болсо карантиндеги айылдарга жеткирип турарын билдирди.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 630 миң даана медициналык беткап аймактарга жеткирилгенин 19-мартта журналисттерге билдирди. Алардын баасы он сомдон ашпашы керек, бир адамга 5 даанадан ашык берилбейт. Жергиликтүү цехтер да беткап тигүүгө киришти. Саламаттык сактоо министрлиги ишкерлер менен келишим түзүп, беткап таңсыктыгын жоюуга аракеттенүүдө.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталып, буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Саламаттык сактоо министрлиги 19-мартта Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталбаганын билдирди. (RsK)

XS
SM
MD
LG