Нур-Султанда коронавируска чалдыккан дагы жети киши катталды. Казак Саламаттык сактоо министрлиги 19-мартта билдиргендей, бардыгы болуп бул инфекциянын 44 учуру аныкталды. Анын ичинен Алматы шаарына - 19 жана Нур-Султан шаарына - 25 факты туура келет.
Ушул эле күнү дарыгерлер 12-мартта Краснодардан Москва аркылуу Алматыга учуп келген кишиден коронавирус табылганын маалымдашкан.
Жергиликтүү кабар агенттиктери вирусту өлкө сыртында жана өлкө ичинде жугузуп алгандар бар экенин жазышууда.
19-марттан тартып Нур-Султан жана Алматы шаарларында инфекциянын жайылышынын алдын алыш үчүн карантин киргизилген.
Кошуна өлкөдө бул илдет алгач катталганы тууралуу маалымат 13-мартта чыккан. 16-мартта бир айга өзгөчө кырдаал жарыяланган.