Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:12

ЖАМК: 200дөй соттолуучу ачкачылыгын токтотту


Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылгандар ачкачылык акциясын 19-мартта токтотушту. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү Самат Калыков билдирди.

Жаза аткаруу кызматынын карамагындагы №1, №16, №19, №25 абак жайларында жазаларын өтөп жаткан 200дөй соттолуучу ачкачылык акциясын 9-мартта баштаган. Алар сот жана прокуратура органдарынан соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдардарга ылайык конституциялык укуктарын камсыздап берүүнү талап кылып жатышкан.

Жаза аткаруу кызматы мунапыс мыйзамына ылайык соттолуучулардын ишин кайра карап чыгууну сурап тиешелүү мамлекеттик мекемелерге 2019-жылы кайрылганын, бирок арыз канагаттандырылбагандыгын билдирди. Анын негизинде жаза аткаруу кызматы ачкачылык акциясында отурган соттолуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстанда 347 адам өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. 2019-жылы Кыргызстанда жазык мыйзамдары өзгөртүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG