20-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 19…21 градус болот.