Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 05:09

Депутат Нурбаев ишкерлерди текшерүүгө бир жыл тыюу салууну сунуш кылды


Абдывахап Нурбаев.

Парламент жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев Улуттук банкка коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугуп, түзүлгөн кырдаалды талкуулоону сунуш кылды. Ошондой эле өкмөттөн ишкерлерди салык кызматынан башка текшерүүлөрдү убактылуу токтотуп турууну суранды.

«Улуттук банк жакшы токтом чыгарыптыр. Бирок сиздер банктардын жетекчилерин чакырып адам катары сурансаңыздар алар деле түшүнөт. Урматтуу өкмөт башчы, кичи жана ири ишкерликти бир жылга текшербей туруш керек. Салык кызматы да зарыл болгон учурда текшерсин. Сиздин биринчи кадам ушул болушу керек», - деди эл өкүлү.

Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктардан жана башка каржы-насыя уюмдарынан насыя алган ишкерлерди колдоо тууралуу токтом чыгарды. Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 19-мартта парламентте сүйлөп жатып насыя келишиминин шарттары кайра каралып чыга турган болсо кошумча төлөмдөрдү алууга, насыясын убагында төлөй албай калгандарды айыппул төлөтүүгө убактылуу тыюу салынганын билдирди. Ошондой эле насыяны төлөө мөөнөтүн кеминде үч айга узарта туруу жөнүндө сунуш киргизилгени айтылды.

Кыргызстанда 23 коммерциялык банк бар. Улуттук банк алардын ишин жөнгө салат. Учурда өлкөдө кызмат көрсөтүүчү тармактагы бир топ ишканалар убактылуу жабылды. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG