Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

ИИМ: Курал-жарак, ок-дары, граната, баңгизат сактаган жарандар кармалды


Окуя болгон жерден табылган буюмдар.
Окуя болгон жерден табылган буюмдар.

Ички иштер министрлиги 16-мартта көп сандагы курал-жарак сактаган эки киши кармалганын маалымдады. Маалыматка ылайык, 16-март күнү шаар тургуну 7-апрель көчөсүндө курал көтөрүп жүргөн жаран жана өспүрүм жөнүндө милицияга кабарлаган. Айтылган жерге келген милиция кызматкерлери 14 жаштагы өспүрүмдү кармап, колунан бир бычак жана 12-калибрдеги төрт ок-дары алышкан.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмүнүн («Курал, ок-дарыларды мыйзамсыз жүргүртүү») негизинде катталып, сотко чейинки тергөөгө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында курал сактоо үчүн шектүү катары эки киши кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ыкчам иликтөө иштеринин негизиндеги эки дарек боюнча тинтүүдө жоон топ түрдүү курал-жарактар табылган. Алардын ичинде 7,62-калибрдеги 1 «Сайга» автоматы, 3 РПГ-18 куралы, 3 граната (жардыруучу каражат), 1 винчестер, 5,45-калибрдеги 248 ок жана 12-калибрдеги 1 ок, калибри 9 миллиметрлик 85 ок, калибри 10 миллиметрлик 171 ок, калибри 7,62 миллиметрлик 700 ок, 22 кылыч, 72 бычак, кара түстөгү 2 беткап, автоматтын магазини бар. Андан сырткары 360 грамм гашиш менен 1 килограмм 910 грамм салмактагы марихуана табылды.

Маалыматка караганда милиция кызматкерлери жогорудагы мыйзамсыз жүгүртүлгөн буюмдарга тиешеси бар башка адамдардын тек-жайын аныктоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG