Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:22

Коммерциялык банктар долларды 85, еврону 95 сомдон сатууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын коммерциялык банктары бүгүн 19-мартта долларды жана еврону кымбаттаган баада сата баштады. Мисалы, ушу тапта «Демирбанк», «Бай түшүм», «Компаньон», «Кыргызстан» банктарынын расмий сайттарында 1 АКШ доллары 85 сомго, 1 евро 95 сомго чыкты.

Бир нече жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде болуп келген доллар 10-мартта үч сомго кымбаттаган. Ошол эле күнү Улуттук банк валюталык интервенция жүргүзүп, 53,7 миллион АКШ долларын 72,90 сомдон сатыкка чыгарган.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 11-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок экенин айткан.

Бүгүн эртең менен доллар 73 сомдон, евро 81 сомдон сатылып жаткан.

Улуттук банктын расмий сайтында ушу тапта доллар 72 сом 90 тыйын, евро 79 сом 98 тыйын деп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG