Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 04:19

Чек ара боюнча акцияга чыккан депутат үй камагына чыгарылды


Сапарали Бөрүбаев.

Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы, чек ара маселери боюнча акцияларды өткөрүп жүргөн Сапарали Бөрүбаев 19-мартта үй камагына чыгарылганын «Чек ара» коомдук уюмунун жетекчиси Гүлжигит Исаков «Азаттыкка» билдирди. Бул маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгы да ырастады. Башкармалыктын басма сөз катчысы Дамира Юсупованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Бөрүбаев 19-мартта үй камагына жиберилди.

Сапарали Бөрүбаев «Ээнбаштык» беренеси боюнча шектүү катары кармалган, кийин Жазык кодексинин «Тоноо», «Жапырт башаламандык» жана «Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу» деген беренелердин негизинде да сотко чейинки өндүрүш ачылганы маалым болгон.

Лейлек райондук соту 15-февралда Бөрүбаевдин бөгөт чарасын карап, аны 14-апрелге чейин камакка алган. 27-февралда Бөрүбаевдин бул ишти апелляциялык негизде караган Баткен облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган эле.


Бөрүбаев 2012-жылдын 19-22-ноябрь күндөрү Лейлектеги алтын кени бар «Апрельская» тилкесинде «Алаурум» компаниясындагы башаламандыкка тиешеси бар деп шек саналууда. Мындан тышкары 12-февралда Катраңдын депутаты Нурдин Дүйшөбаев өзүн Бөрүбаев «эч бир себепсиз коомдук жайда уят сөздөр менен акарат кылып, жерге жаткырып алып уруп, денесине зыян келтиргенин» айтып арызданган.

Кийинчерээк эки доогер тең Бөрүбаевге доосу жоктугун билдирип, кайра тосмо арыз жазганы кабарланган. Бирок милиция андай арыз тергөөдөгү кылмыш ишине тиркелбегенин билдирген.

Бөрүбаев - «Чек ара» коомдук бирикмесинин төрагасы. Ал кыргыз-тажик чек арасын аныктоону тездетүү маселесин көтөрүп, бул иште кыргыз бийлигин «чабалдык кылып жатат» деп сындап келаткандардын бири. Бирикменин мүчөлөрү анын камалышы ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштуу деп айтып келишет. (JsA/ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (9)

XS
SM
MD
LG