Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 14:43

Ош: Сулайман-Тоо карантинге алынды


Сулайман-Тоо комплекси эл көп чогулчу жер катары карантинге алынды. Ош шаары. 19-март, 2020-жыл.

Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун аймагы коронавируска байланыштуу 19-марттан тартып жабылып, аны милиция көзөмөлдөп турат. Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Сулайман-Тоо аймагынан башка дагы эл көп чогулчу коомдук жайларга чектөө киргизилет.

«Азыр кырдаалга жараша карантинге алынып жатат. Шаардыктарды базарга чыкпай турууга, балдарды жана кары-картаңдарды үйдөн чыгарбоого, аймактардын тургундарын шаарга каттабай турууга чакырып, түшүндүрүү иштерип жүргүзүп жатабыз», - диди Абсаттаров.

Мындан тышкары кырдаалга байланыштуу Ош шаарында маршруттук каттамдар азайтылды. Мектептер, бала бакчалар, окуу жайлары карантинге жабылганына байланыштуу мэриянын буйругу менен коомдук транспорттун каттамы азайтылып, 16 автобустан сегизи, 18 троллейбустан ону эл ташып иштеп жатат. Ошондой эле 100гө жакын кичи маршруттук каттамдар да кыскартылды.

Шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы күн сайын автобустар жана троллейбустар дезинфекцияланып жатканын кабарлоодо. (DU)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG