Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Кыргызстандык 43 жаран Египеттен чыга албай турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Египеттен Алматыга учуп келе албай жаткан кыргызстандыктардын бири, ырчы Дайыр Исмадияровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, аларды Шарм-эль-Шейх - Алматы каттамын жүргүзгөн «Scat Airlines» авиакомпаниясы учакка салуудан баш тарткан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселе тууралуу казак тарап менен сүйлөшүп жатканын кабарлады. Министрликтин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев «Азаттыкка» азыр бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөдө көпчүлүк өлкөлөр чет мамлекеттер менен каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар кайсы жеринен мекенине кайтып келе албай, кармалып турган кыргызстандыктар бар. Орус-казак чек арасында жеңил машина менен жолго чыккан 200дөй кыргызстандык топтолуп калганы маалым болгон. Ошондой эле Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунда Индиядан келаткан 19 кыргыз жараны турганы кабарланган.

Иран-түркмөн чек арасында калып калган кыргызстандык айдоочулар Азербайжан-Орусия-Казакстан каттамы менен мекенине кайтып келе жатат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөн мекенине кайта албай, ара жолдо калган кыргызстандыктарга жардам берүүнүн ар кандай жолдорун издеп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG