Коронавирус курмандыктарынын саны дээрлик он миңге жетти.
Илдеттин жайылышына башынан байкоо жүргүзүп келе жаткан «South China Morning Post» басылмасы 19-марттын таңында маалымдагандай, коронавирустан 9 761 адам көз жумду. 84 миңден ашуун киши оорудан сакайып чыкты. Дүйнөдө жалпысынан 229 328 адам бул ооруга чалдыккан. Акыркы суткада 997 адам оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты. Вирус жуккан 23 100 жаңы адам катталды.
Италияда акыркы суткада 427 адам оорудан көз жумду, жалпысы 3 404 адам вирустун курмандыгы болду. 41 036 киши ооруну жугузуп алган.
Иранда 18 407 адам ооруйт, 1284 киши өлдү. Испанияда 17147 адам ооруга чалдыккан, 767 киши көз жумду. Францияда 10 миңден ашуун адам илдетке кабылып, 372 киши көз жумган. АКШда 10 442 адам ооруп, 150 киши өлдү. Өлгөндөрдүн саны жүздөн ашкан өлкөлөрдүн катарына Британия да кошулду. Бул мамлекетте 103 киши оорунун курмандыгы болду.
Оору дүйнөдөгү 156 өлкөдөн аныкталды.
Кыргызстанда коронавирус жуккан үч киши аныкталганы 18-мартта расмий кабарланган.