Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:57

Алматыда көп кабаттуу турак жайлар карантинге жабылды


Алматыдагы карантин аймагын кайтарып турган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. 19-март, 2020-жыл.
Алматыдагы карантин аймагын кайтарып турган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. 19-март, 2020-жыл.

Алматыда 19-мартта «Сүнкар» турак жай комплекси менен бирге анын бет маңдайында жайгашкан көп кабаттуу үч үй да толугу менен карантинге жабылды.

Азыркы тапта турак жайларды аскерлер курчап турат, короонун алдына көзөмөл-өткөрмө бекеттери коюлду. Изоляцияга алынган сектордун жашоочулары үчүн азык-түлүк саткан бир гана дүкөн иштеп жатат. 18-мартта «Сүнкар» турак жай комплексинде жашаган бир кишиден коронавирус табылган.

Эми тургундар өз үйлөрүнүн аймагынан 14 күн бою эч кайда чыга албайт. Казакстанда ушул тапта 44 кишиден вирус табылды. Алардын 19у Алматыда, 26сы Нур-Султанда.

19-марттан тартып Алматы жана Нур-Султан шаарларында коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин күчүнө кирген. Карантин маалында азык-түлүк сатылбаган базарлар, соода үйлөрү жана көңүл ачуу жайлары убактылуу ишин токтотту.

XS
SM
MD
LG