Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 04:47

Ош облусунда сот отурумдарына чектөө коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.

Сот отурумдарына каралып жаткан ишке түз тиешеси бар адамдар, жактоочулар жана мамлекеттик айыптоочулар гана катыша алат. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Муну катчы коронавируска байланыштуу чаралардын күчөтүлгөнү менен негиздеди. Учурда жергиликтүү сот имараттары, сот отурум залдары дезинфекцияланып, сот отурумдарына келген жарандарга сөзсүз түрдө беткап менен келиши керек экендиги жана коопсуздук чараларынын зарылдыгы тууралуу эскертилүүдө.

Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунан табылып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду. 18-мартта коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам катталган. (MdN)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG