Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:08

Ноокат: Базар иштеп жатат, район аралык жолдор ачык


Ноокат райондук ооруканасы.

Ноокатта коронавирус жуккандар Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айылдарынын тургундары экени аныкталды. Алардын коопсуздугу үчүн аты-жөнү тууралуу маалымат ачыкка чыгарылган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондун акими Давранбек Маматалиев билдирди.

Акимдин айтымында, илдет табылгандар ооруканага жаткырылды, ал эми алар менен байланышта болгондордун үйүн дарыгерлер көзөмөлдөп жатышат.

«Дарыгерлердин тили менен айтканда, алар үйүндө көзөмөлдө турат. Алардын анализдери алынды. Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү», - деди ал.

Маматалиев кошумчалагандай, жергиликтүү базар иштеп жатат, район аралык жол ачык.

20-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус жаңы табылган ноокаттык үч тургун учурда толук текшерүүдөн өтүп жатканын кабарлады. Ал буга чейин аныкталган сузактык үч адам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда көрсөтүлгөндөй шартта дарыланып жатышканын билдирди.

Алтоонун тең абалы канааттандырарлык. Баары Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгени аныкталды.

18-мартта Сузак районунда, 20-мартта Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды.

Буга чейин Ноокаттын айрым айылдарына кетчү автожолдорго чектөө киргизилгени маалымдалган. (DU)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG