«Азаттыкка» Ош шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 20-марттан тартып Оштогу борбордук автоунаа базары, автоунаа тетиктерин сатуучу базар, борбордук муниципалдык базар жана «Келечек» базары убактылуу жабылды. Ал эми азык-түлүк сатуучу жайлар, дүкөндөр жана дарыканалар иштеп жатат.
Жарандарга эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталууда. Мэриянын басма сөз кызматы Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу экенин айтып жатат.
Жарандардын суроолоруна Ош шаар мэриясынын (03222) 5-53-84 ишеним телефону күнү-түнү иштеп, тийиштүү кызматкерлер жооп берүүдө.
Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталганы 20-мартта жарыяланды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунда аныкталып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду. 18-мартта Сузакта коронавируска чалдыккан алгачкы үч киши аныкталган. Эки райондо тең өзгөчө абал жарыяланды. (MdN)