Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) «батирлерди коронавирустан дезинфекциялайбыз» деген шылтоо менен алдамчылар жүргөнүн эскертти.
ИИМдин маалыматына караганда, алдамчылар калктын аяр катмарын – улгайган кишилер менен балдарды бутага алууда.
Буга байланыштуу министрлик жарандарды үйдү дезинфекция кылуу шылтоосу менен келген чоочун кишилерди киргизбөөгө чакырууда.
«Эгер сиздерге ушундай талап менен келсе, токтоосуз түрдө «102» кыска номуруна же профилактика инспекторлоруңузга чалыңыздар», – деп айтылат билдирүүдө.
Өзбекстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны ушу тапта 33 кишиге жетти.