Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:59

Депутат кызматташтарын демагогия кылбоого чакырды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

«Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Калдарбек Баймуратов Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияда өкмөттүн 2019-жылдагы иши боюнча отчётун кароону бүгүнкү кырдаалды эске алып, жылдырып турууну сунуш кылган. Бирок анын сунушу добушка коюлбай калганына нааразы болуп, парламентти «өкмөттүн убактысын алып жатат» деп сындады.

«Элдин кыжыры келип жатат, «отуруп парламентте чогулуш кылып жатышат» деп. Сузактан, Москвадан чалып атышат. Башынан эле добушка коюп кароону жылдырып салсаңыз болмок. Менин сунушум эмнеге добушка коюлган жок? Демагогия кылып отурабыз», - деди эл өкүлү.

Буга Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жетекчиси, депутат Иса Өмүркулов «баары регламенттин чегинде болуп жатат» деп жооп берди. 20-мартта Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн 2019-жылдагы иши боюнча отчётун эки сааттан ашык угуп, «канааттандыраарлык» деп добуш берди. Эми өкмөттүн отчётун комитеттер карап, жалпы жыйынга алып чыгат.

Премьер-министр Абылгазиев 2019-жылы өкмөт өз милдеттерин так аткарды деп эсептей турганын билдирди. Мукаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт аткаруу бийлигин башкарууга 2018-жылы апрелде келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG