Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Өкмөт башчы: татаал учурларга даяр турушубуз керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук тамактануу түйүндөрүнүн ишин токтотууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Өкмөт башчы өлкөнүн ар башка булуң-бурчунда коомдук тамактануу жайлары ишин улантып жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин айтып, республикалык штабдын чечимдерин аткарбагандарга карата катуу чара көрүлөрүн билдирди.

«Башка өлкөлөр бул жагдай менен кантип күрөшкөнүн жана ийгиликтерге кандай жетишкенин көрдүк. Элдин жоопкерчиликсиздиги кандай кесепеттерге алып келерине да күбө болдук. Биз вирустун өлкөгө киришине даяр болчубуз, бирок бүгүн биз татаал сценарийлерге даяр турушубуз керек. Жоопкерчилик жана тартип өзгөчө маанилүү», - деди өкмөт башчы.

Кыргызстандын Cаламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал курчуп баратканын жарыялады. Жугуштуу илдет табылган алты кыргызстандыктын баары жакында Сауд Арабиясына умрага барып келишкени белгилүү болду. Сузакта да, Ноокатта да өзгөчө абал жарыяланды. Ошто 20-марттан тартып коомдук транспорт токтомой болду. Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөрү карантинге жабылды. (TSh)

XS
SM
MD
LG