20-мартта Индиянын Тихар түрмөсүндө төрт киши дарга асылды. Алар борбор шаар Нью-Делиде 23 жаштагы студент кызды зордуктап, өлтүрүүгө айыптуу деп табылган.
«Бул биздин өлкөдө зордукталган кыз акыйкатка жеткен алгачкы мисал. Бүгүн, 20-март баарыбыздын кыздарыбызга жана аялдарга арналат. Анткени бүгүн Нирбхайя акыйкатка жетти, бүтүндөй өлкөнүн кыздары акыйкатка жетишти», - деди курман болгон кыздын апасы Аша Деви.
Өкүмдүн аткарылышына күбө болуш үчүн чогулган топту тартипте кармап туруш үчүн жүздөгөн полиция кызматкери тартылды.
Кылмыш 2012-жылы 16-декабрда кечинде болгон. Студент-физиотерапевт кыз жигити менен автобуста баратканда кылмышкерлер аларды катуу ур-тепкиге алып, кызды зордукташкан. Андан соң экөөнү тең жол жээгине таштап кетишкен. Алган жараатынан улам кыз эки жумадан кийин көз жумган.
Бул окуя дүйнөлүк резонанс жаратып, аялзатка каршы тирукмуш кылмыш катары Индияны шерменде кылган. Мыйзам атын атоого жол бербегендиктен жергиликтүү басма сөз кызды «Нирбхая», кыргызчалаганда «Эр жүрөк» деп сүрөттөйт.
Кармалган алты кишинин бирөө абакта өзүн-өзү өлтүргөн. Кылмыш учурунда 17 жашта болгон дагы бир адам 2015-жылы абактан бошотулган. Калган төртөөнү дарга асууга 2013-жылы өкүм чыккан.
Индия өкмөтү жыныстык кылмышка каршы жазаны күчөтүп, зордуктоо үчүн айрым учурда өлүм жазасын колдонууну киргизген.