Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Ооганстанда аскердик базанын ичинде кол салуу болду


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын Забул провинциясында аскердик базадагы кол салуудан кеминде 24 коопсуздук кызматкери мерт болду. Провинциянын губернатору Рахматулла Ярмал билдиргендей, жума күнү таң эрте базанын ичиндеги бир нече адам уктап жаткан башка аскерлерге жана полиция кызматкерлерине ок ата баштаган.

Ооган бийлиги кол салгандардын «Талибан» кыймылы менен байланышы бар экенин, төрт кызматкердин дайыны чыкпай жатканын билдирди. Азырынча талибдер үн ката элек. Калат шаарынын чекесиндеги базада болгон бул окуя АКШ менен «Талибан» өткөн айда тынчтык келишимине кол койгондон берки эң кандуу кол салуу болуп калды.

АКШ-Талибан келишимине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек. «Талибан» да өз туткунундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандар 19 жылдан берки согушту токтотуш үчүн өз ара ички диалогду баштамак.

XS
SM
MD
LG