Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Орусиядан жүздөгөн мигранттар уча албай жатышат 


Питердеги Пулково аэропортунда 120дай кыргызстандык Ошко учуп кете албай турат.

19-мартта «Урал аба каттамдары» компаниясы кыргыз өкмөтү эл аралык аба каттамдарын чектегенин айтып, рейс токтотулганын кабарлаган. 14-15 сааттан бери аэропортто отурган жарандар Питерде убактылуу жашап, иштеп жүргөн жайларына кайтуудан баш тартып жатышат.

20-мартка караган түнү Москванын Жуковский аэропортунда 187 кыргызстандык дал ушундай кырдаалга кабылган. Мындан тышкары бул кезде Новосибирск шаарынан 120дай киши Бишкекке учуп кете албай турганын кабарлап жатышат.

Орусияда расмий маалымат боюнча 750 миңден ашуун кыргызстандык иштеп жүрөт. Буга кошумча орус жарандыгын алган жарым миллиондон ашуун мекендеш бар.

Эл аралык каттамдарды убактылуу чектөө тууралуу чечим 19-мартта коронавирустун алдын алуу штабынын жыйынында кабыл алынган. 20-марттан тартып Бишкек жана Ош шаарларынан учуучу бардык эл аралык каттамдар токтойт. Москва-Бишкек, Москва-Ош, Новосибирск-Бишкек багытында жумасына бир жолудан учуп-конууга уруксат берилген.

Ал арада Орусиядан тышкары Египет менен Араб Эмираттарынан 150дөй кыргызстандык келе албай жатат. Алардын көбү саякатта жүргөндөр. (LzT)

XS
SM
MD
LG