Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

"Чоң жетинин" саммити онлайн өтөт


"Чоң жетинин" лидерлери. 9-июнь, 2018-жыл. Канада, Квебек.
"Чоң жетинин" лидерлери. 9-июнь, 2018-жыл. Канада, Квебек.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу “Чоң жетинин” саммити июнь айында Кэмп Девид резиденциясында өтпөй калды. Анын ордуна иш-чара видеоконференция түрүндө уюштурулат.

Бул тууралуу Ак үй билдирип, чечимди ар бир өлкө бардык ресурстарын “COVID-19дун кесепетинен пайда болгон саламаттык сактоо жана экономика көйгөйүнө” жумшашы керектигин белгиледи.

“Ак үй “Чоң жетинин” башка дагы мүчөлөрүнө кабар берди. Тыгыз кызматташтыкты улантуу үчүн президент лидерлер менен апрелде жана май айынын апта башында телеконференция өткөрөт”, – деди президенттик администрациянын расмий өкүлү Жад Дир.

Вашингтон бул чараны жаңы вирусту жайылтпоонун бир аргасы катары көрүүдө.

Дүйнөнүн бакубат жети өлкөсү – АКШ, Британия, Германия, Италия, Канада, Франция жана Жапониянын башын кошкон саммитке демейде лидерлерди коштоп чоң делегация, жыйынды чагылдыруу үчүн ондогон журналисттер келчү.

XS
SM
MD
LG