Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Коронавирус жаңы аныкталгандар - Сауд Арабиясына барып келгендер


Ноокат районунда карантин маалында тартылган сүрөт
Ноокат районунда карантин маалында тартылган сүрөт

Коронавирус жаңы аныкталган алты киши да Сауд Арабиясына умрага (кичи ажылыкка) барып келген. Бул тууралуу 21-марттагы басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, СOVID-19 вирусун жугузуп алгандар 45 жаштан 70 жашка чейинки курактагы адамдар.

Исаков аталган адамдар менен байланышта болгондор аныкталып, изолацияга алынып жатканын кошумчалады.

Учурда Сузак районунда 1630 адам, ал эми Ноокат районунда 700 адам обсервацияга жаткырылды.

Азыркы маалда Кыргызстанда жалпысынан 12 адамда коронавирус бар экени аныкталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG