Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:15

Кыргызстанга чет өлкөдөн келгендер үй шартында обсервацияга алынат


"Манас" аэропортунда чет өлкөдөн келгендерди дарыгерлер текшерүүдө
"Манас" аэропортунда чет өлкөдөн келгендерди дарыгерлер текшерүүдө

Мындан ары Кыргызстанда чет жактан өлкөгө кайтып келгендерде оорунун белгилери байкалса гана (жөтөлсө, дене табы ысык болсо) стационарга жаткырылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков 21-марттагы басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, чет өлкөдөн келген кыргызстандыктарда оорунун эч кандай белгилери болбосо, ал адам үй шартында обсервацияга киргизилет. Бирок карантиндин талаптарын бузгандарга катуу чаралар көрүлөт.

Чет өлкөлөрдөн келген жарандардын ар биринен лабораториялык анализдер алынат.

Төлө Исаков мындай чара өлкөдөгү ресурстарды туура колдонуу максатында кабыл алынганын билдирди. Башкы санитардык дарыгер учурда кытайлык адистер менен кеңешип жатышканын кошумчалады.

“Кытайда коронавируска каршы күрөшүүдөгү дагы башкы эреже – өлкө ичинде жарандардын кыймылын токтотуу болгон. Жаӊы вирус адам жүргөн жеринде калып калуу касиетине ээ”, - деди Исаков.

Дүйнөдө тарап жаткан коронавирус илдети Кыргызстанда 12 адамда аныкталды. Буга байланыштуу вирустун белгилери табылган адамдар жашаган Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Учурда дүйнө боюнча COVID-19 вирусун 265 миңден ашык адам жугузуп алган. Алардын ичинен 11 миңден ашыгы каза болду. Ал эми 90 миң адам айыгып чыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG