Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялоо маселеси каралышы мүмкүн


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 21-март, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 21-март, 2020-жыл.

Ушу тапта Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда өлкөдө эпидемиялогиялык абал боюнча чаралар каралууда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаковдун айтымында, Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялоо чечими кабыл алынышы мүмкүн:

“Биз режимди күчөтүү боюнча сунуш бергенбиз. Анткени, адамдардын бир айылдан экинчи айылга же бир көчөдөн экинчи көчөгө катнашын чектөө үчүн өзгөчө кырдаал режимин жарыялаш керек. Азыр Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Ал жакта ушул маселе каралат деп ойлойм”, - деди Исаков.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган 12 адам аныкталды. Алар Сауд Арабияга кичи ажылык сапарына барып келген Сузак, Ноокат жана Баткен районунун тургундары. Буга чейин Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Коопсуздук кеңеши - президент төрагалык кылган орган. Ал өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы чечимдерди даярдап, кабыл алат.(BkA)

XS
SM
MD
LG