Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Жалал-Абадга сырттан кирүүгө тыюу салынды


Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарына сырттан кирүүгө чектөө коюлду. Мындай билдирүүнү калаа башчысы Мураталы Тагаев Жалал-Абаддагы маалымат жыйыны учурунда жасады.

“Шаардын кире бериш аймагына үч жерге блокпосттор коюлуп жатат. Бүгүнтөн тартып коомдук транспорт, маршруткалар токтотулду. Базарлар жана соода борборлору жабык. Зарыл жумушу болбогон тургундарды шаарга киргизбөө чечими кабыл алынды”, – деди Тагаев.

Шаар башчысы башка жактан келгендерди калаага кирбөөгө жана шаардыктарды үйдөн чыкпай отурууга чакырды. Дарыканалар жана тамак-аш саткан дүкөндөр иштеп жатат.

Жалал-Абаддын Сузак районунда коронавируска чалдыккан адамдардын саны сегиз адамга жетти. (RsK)

XS
SM
MD
LG