Баткенге Өзбекстандан дезинфекциялоочу каражаттар жана беткап үчүн даки алынып келди.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев телефон аркылуу сүйлөшүп, коронавирус оорусуна каршы биргеликте күрөшүү, муктаждыктарды чечүүдө кол кабыш кылууну макулдашты.
Ага ылайык Баткен облусундагы беткап тартыштыгын жеңилдетүү үчүн Фергана облусунан 2610 даана медициналык таңгакталган даки жана 1 тонна 400 килограмм дезинфекциялык каражаттар алып келинди.
Бул каражаттар облустагы шаарларга таратылат. Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик облустагы тигүү цехтери менен келишим түзүп, калкты медициналык беткап менен камсыздоодо. Ошол эле учурда беткаптар муктаждарга акысыз таратылууда.
Ал эми мамлекеттик мекемелер, эл көп топтолгон коомдук жайлар, коомдук транспорттор дезинфекциялана баштады. (JsA)