Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 7-апрель, 2020 Бишкек убактысы 11:56

Коопсуздук кеңеши өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады


Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге өлкө аймагында 22-марттан тарта бир айлык мөөнөт менен өзгөчө кырдаал режимин жарыялоону сунуштады.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында өлкө аймагында коронавирусту жайылтпоонун чаралары талкууланды.

Жыйынтыкта Коопсуздук кеңеши премьер-министрге 22-марттан тарта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режимин жарыялоону сунуштады.

Өкмөт менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттердин ыкчам планын иштеп чыгат.

Ошондой эле өлкөдө чукул кырдаал режими киргизилгени үчүн 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо башка мөөнөткө жылдырылат.

Кыргызстанда учурда коронавирус жуктуруп алган 12 адам аныкталды. Алдардын сегизи Сузак районунун, үчөө Ноокатта, дагы бир адам Баткен районунун тургуну. Алардын баары Сауд Арабияга умрага барып келгендер.

Акыркы маалымат боюнча өлкө боюнча 649 адам обсервацияда жатат. Умрадан кайтып келгендер менен байланышта болгон 2330 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG