Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 7-апрель, 2020 Бишкек убактысы 12:24

Сузакта дагы төрт айыл карантинге алынат


Сузак районунда карантинге алынган айылдарды бири.

Райондо илдеттин жаңы учуру катталган Жар-Кыштак, Достук, Сузак жана Бек-Абад айылдары да толугу менен курчоого алынып, блокпосттор коюлат. Мындай маалыматты Сузак районунун акими Эрмек Омошев “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Азыр эле райондук өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын чечими менен ушундай тыянакка келдик. Учурда айылдагы калктын саны жана блокпосттор орнотулуучу аймактар такталып жатат. Булар Сузак, Ырыс жана Атабеков айыл өкмөттөрүнүн карамагындагы айылдар”, - деди аким Омошев.

Республикалык штабдын 21-мартта тараткан маалыматында Кыргызстанда илдетти жугузуп алгандардын саны 12ге жетти. Жаңы катталгандардын бешөө Сузак районунун, бирөө Баткен облусунун тургуну. Учурда алар ооруканага жаткырылып, булар менен байланышта болгондор аныкталды.

Буга чейин Кыргызстанда алты адам коронавирус жугузуп белгилүү болгон. Ошентип, жалпысынан бүгүнкү күндө COVID-19 вирусун жугузуп алгандар 12 адам болду. Буга чейин илдетти жугузуп алгандар Сауд Арабиясына умрага барып келген Ноокат жана Сузак районунун тургундары болчу.

Учурда бул райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланып, жугуштуу илдетти жугузгандар менен байланышта болгондор обсервацияга жаткырылган.(RsK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG