Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Өзгөчө кырдаал: азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар кадимки тартипте иштейт


Кыргызстанда киргизилген өзгөчө кырдаал режиминде өлкөдөгү бардык ири маркеттер, азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар кадимки шартта иштейт. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кафе-ресторандар тамактарды кардарларга жеткирүү боюнча кызмат көрсөтөт. Ошондой эле Бишкек шаарында маршруттук каттамдагы кичи автобустар толугу менен токтоду. Бирок чектелүү санда автобустар жана троллейбустар иштеп жатат.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында бүгүнтөн баштап бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул режимдин алкагында коронавирусту жайылтпоо үчүн айрым чектөөлөр каралган. Өкмөт жарандарды зарыл иш болбосо сыртка чыкпоого чакырды.

Учурда өлкө аймагында 14 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ноокатта, бирөө Баткен районунун тургуну жана Бишкектеги обсервациялык борбордо эки адам жатат. Алардын 13ү Сауд Арабиясына умрага барып келгендер жана бирөө Франциядан келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG