Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:23

Бишкекте автобустар жана троллейбустар иштеп жатат


Коомдук транспортту дезинфекциялоо иши
Коомдук транспортту дезинфекциялоо иши

Бишкек шаарында муниципалдык автобустар жана троллейбустар өзгөчө кырдаал режимине карабай иштей берет. Бул тууралуу шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мэрия алгач коомдук транспортту толугу менен токтотуу чечимин кабыл алган. Бирок кийинчерээк өзгөчө кырдаал режиминдеги аракеттердин алгоритми өзгөртүлүп, автобустар менен троллейбустарды каттамга чыгаруу чечими кабыл алынды. Ал эми кичи автобустардын (маршруткалардын) иши токтотулду.

“Автобус менен троллейбустарга зарыл иш болгондо гана түшүш керек. Бишкектиктерден үйдө отуруп, карантинди сакташын суранабыз”- деди Түлөбаев.

Буга чейин мэрия коомдук транспорт токтогонуна байланыштуу дарыгерлерге жана милиционерлерге өзүнчө транспорт уюштуруларын билдирген. Бирок автобустар жана троллейбустар иштеп жатканына байланыштуу учурда буга зарылчылык жок экенин Балбак Түлөбаев кошумчалады.

Ошондой эле мэриянын өкүлү учурда шаардык кызматтарга жардам берүүнү каалаган адамдар көп болуп жатканын кошумчалады. Түлөбаев мындай ниеттеги адамдарды мэриянын аппараты менен байланышка чыгууга чакырды.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында бүгүнтөн баштап бир айлык мөөнөт менен өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул режимдин алкагында коронавирусту жайылтпоо үчүн бир катар чектөөлөр каралган. Өкмөт жарандарды зарыл иши болбосо сыртка чыкпоого чакырды. (BkA)

XS
SM
MD
LG