Түндүк Македониянын өкмөтү өлкө аймагында кечки саат 9дан таңкы саат 6га чейин коменданттык саат киргизүү чечимин кабыл алды. COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алууну көздөгөн мындай режим 22-марттан тарта иштей баштайт. 1991-жылы эгемендигин жарыялагандан бери Түндүк Македонияда коменданттык саат жарыяланган эмес.
Коңшу Сербияда мындай режимдин мөөнөтү үч саатка узартылды. Эми өлкөдө кечки саат 5тен таңкы саат 5ке чейин сыртка чыгууга болбойт. Румыния да коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн 22:00дөн 6:00гө чейин жарандардын кыймылын чектей турган болду.
COVID-19 вирусуна чалдыккандар Түндүк Македонияда 85 адамга, Сербияда 171, Румынияда 367 кишиге жетти. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандардын саны 300 миңден ашты. Вакцинасы табыла элек бул илдеттен 13 миңге чукул киши каза тапты. 92 миңдей адам илдеттен айыгып чыгышты.