Хорватиянын баш калаасы Загребде 22-мартта таң эрте болгон жер титирөөдөн кеминде бир адам каза тапты. Маркум ураган имараттын алдында калганын өлкөнүн куткаруу кызматы билдирди.
Очогу Загребдин түндүк жагында жайгашкан жер титирөөнүн магнитудалык күчү 5,4 баллга жетти. Хорват баш калаасында бир топ имараттарга жарака кетип, айрым үйлөрдүн чатырлары урап түштү. Загребдеги белгилүү чиркөөлөрдүн биринин шиш чатыры да кулады.
Жердин кайрадан силкинишинен кооптонгон тургундардын көбү сыртта жүрүшөт.
Хорватиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус коркунучунан улам жарандарга көчөдө бири-биринин ортосунда эки метрлик аралыкты так сактоого чакырды.