Кыргызстанга өзгөчө кырдаал режиминин алкагында өлкө аймактарында 14 санитардык-карантиндик посттор орнотулууда. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган посттордо милиция кызматкерлери, дарыгерлер туруп, облус аймактарына кирип жаткан жарандарды текшерет.
- Баткен облусунда – 1 пост (Караван айылы);
- Ош облусунда – 4 пост (Кара-Суу районунун Жапалак жана Мады айылдары, Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылы);
- Жалал-Абад облусунда – 1 пост (Чычкан посту);
- Талас облусунда – 1 пост (Талас районунун Көпүрө-Базар айылы);
- Нарын облусунда – 1 пост (Кочкор районунда);
- Ысык-Көл облусунда – 1 пост (Кубакы посту);
- Чүй облусунда – 5 пост («Сосновка», «Маловодное», «Киргшелк», «Ак-Жол», Алматы-айланма жол посттору).
Санитардык-карантиндик посттор эки нөөмөттө күнү-түнү иштешет.
Кыргызстанда 22-марттан тарта коронавирусту жайылтпоо максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бул режим бир айга созулат. Анын алкагында бир катар чектөөлөр киргизилери айтылган болчу.
Буга чейин Балыкчыдагы постто Ысык-Көлдө каттоодо турбаган жарандар киргизилбей жатканы кабарланган.(BkA)