Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Иранда коронавирустан 1685 киши каза тапты

Санитардык кызматкерлер Тегерандын көчөлөрүн дезинфекциялап жатышат, 18-март 2020-жыл.
Санитардык кызматкерлер Тегерандын көчөлөрүн дезинфекциялап жатышат, 18-март 2020-жыл.

Иранда соңку бир сутка ичинде 129 адам COVID-19 вирусунан көз жумду. Натыйжада коронавирустан өлгөндөрдүн жалпы саны 1685 кишиге жетти. Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги 22-мартта билдиргендей, өлкөдө баш-аягы 21600дөн ашуун адам илдетке чалдыкты. 

Коронавирустан улам Иранда Нооруз жылдагыдай майрамдалбай калды. Бийлик жарандарды Ирандагы жыл ичиндеги эң негизги майрамдардын бирин үйдөн белгилөөгө чакырган.

Иран вакцинасы табыла элек COVID-19 вирусунан катуу жабыркаган алты мамлекеттин бири. Жекшемби күнү өлкөнүн руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи Кошмо Штаттардын вируска каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү сунушун четке какты.

 

XS
SM
MD
LG